Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Дустум Фарьябды ээлеп алды


КАБУЛ. Ооганстандын коргоо министрлигине таандык 750 аскер учурда кагылышуу жүрүп жаткан Фарьяб аймагына барды. Кабулдан 450 чакырым алыстыктагы Фарьяб аймагын Абдул Рашид Дустумдун куралчан топтору ээлеп алышкан. Президент Хамид Карзай Али Ахмад Джалалди Фарьябдын легитимдүү жетекчиси катары белгилеп, Дустум өзүнүн күчтөрүн аймактан алып чыгып кетээрине ишенерин айтты.

Өкмөт Фарьябдагы кагылышууда жабыр тарткандар тууралуу маалымат тараткан жок. Дустумдун жардамчыларынын айтымында, атышуу учурунда каршылаш тараптан төрт адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG