Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Ош-Бишкек автожолунда ири көлөмдөгү баңгизат кармалды


ОШ. Ош - Бишкек жолунун башталышынан өтө чоң көлөмдөгү баңгизат кармалды. Оштон жаңы эле сапар алган "Икарус-250" үлгүсүндөгү О 03-78 S мамлекеттик номурлуу автобус Карасуу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн чегинен токтотулуп, тинтүүгө алынганда атайын жашыруун жайдан 44 кг. 44 грамм героин табылды. Автобустун айдоочусу Баткен облусунун тургуну Жусупбек Жороев экендиги аныкталды. Операцияны Ош облустук ички иштер башкармасынын баңгизаты боюнча кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн опер кызматкерлери ишке ашырышкан. Алардын маалыматы боюнча, ушул эле автобус менен буга чейин эки жолу Орусияга баңгизат ташылган. Ал ирет автобус Өзбекстан аркылуу кеткендиктен колго түшкөн эмес. Бул жолу Өзбекстан чегарасы жабык болгондуктан Ош аркылуу каттоого аргасыз болгон. Автобус Тажикстандын Согду облусунан чыгып Орусиянын Сургут шаарына бара тургандыгы ырасталды. Баңгизат ээси башка киши деген көрсөтмө берилип, изилдөө иштери улантылууда.

XS
SM
MD
LG