Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Социал-демократиялык партиянын Ысыккөл облуктук бөлүмү кайрылуу менен чыкты


КАРАКОЛ. 9-апрелде "Кыргызстан социал демократиялык" партиясынын Ысыккөл облусундагы бөлүмү Кыргызстандын жалпы калкына жана Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарына билдирүү таратты. "Кыргызстан социал демократиялык" партиясынын облустагы лидери Догдурбай Мусабековдун айтымында, "Кумтөр алтын кен" комбинаты ишке киришкен күндөн бери эл арасында кайчы пикирлер көп. Айрыкча аталган кен комбнатынын айлана-чөйрөгө, экологияга тийгизген терс таасири тууралуу уу-дуу сөз арбын. Ал эми Кумтөрдү "Центера" компаниясына өткөрүү жөнүндө маселе козголгондон бери нааразычылыктар дагы күчөдү. “Эл, жер байлыгын колдон колго өткөрүү ата салтында жок. Ошондуктан мыйзамчы депутаттардан Кумтөрдү "Центера" компаниясына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимди карап көрүү талабын коёбуз”, дейт Догтурбай Мусабеков.

XS
SM
MD
LG