Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:52

Кыргызстан Кытай менен алакасын чыңдайт


БИШКЕК. Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жеңил машинелердин каттамын жеңилдетүү жөнүндөгү макулдашуу кабыл алынышы мүмкүн. Мындай маалыматты бүгүн экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Ал маалыматка караганда, бул жөнүндө соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын алдындагы «Кыргызстан-СУАР» жумушчу тобунун үчүнчү отурумунда сүйлөшүү болгон. Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөн сүйлөшүү маалында кыргыз тарап СУАРдын Үрүмчү шаарында виза берүүчү пункт ачуу, Үрүмчү, Кашкар жана Артыш шаарларында бажы өкүлчүлүктөрүн ачуу маселесин караштырып көрүүгө макулдук берди. Ал эми Кытай тарап Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайды байланыштырган автожолду ремонттоо үчүн 30 миллион юанды бекер берүүгө макул экендигин билдирди. Эки тараптын бул ниеттери жөнүндө протоколго кол коюлду.

XS
SM
MD
LG