БИШКЕК. Бүгүн Киев шаарында тышкы иштер министрлеринин Координациялык кеңешинин жыйынында кылмыштуулукка, эларалык терроризмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз маңзаттарын ташуу программасынын ишке ашырылышы тууралуу талкуу болду. 8-апрелде башталган бул жыйынга КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук комитеттери, башкы прократура, ички иштер министрлер кеңеши, салык жана бажы кызматынын жетекчилери катышууда. Координациялык кеңештин КМШнын башкы прокурорлорунун жыйынында, КМШга мүчө мамлекеттеринин тартип коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү, кылмыш иштери боюнча мамлекет аралык укуктук багытта көмөк көрсөтүү, мыйзамсыз миграцияга каршы чара көрүү, адам укугун жана эркиндиги тууралуу мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөл жүргүзүү багытындагы маселелер талкууланды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын башкы прократурасынан маалымдашты.