Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:05

Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы аяктады


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны кечээ күнү кечинде 19-сессиясын аяктады. Депутаттар бул жолу күн тартибиндеги 86 маселенин 78ин карап, сегизин жайкы сессияга калтырды. Ал эми каралган маселелер боюнча 96 токтом кабыл алды. Алардын ичинде «Кыргызгаз» акционердик коомунун ишмердүүлүгүн иликтеп чыккан депутаттык комиссиянын билдирүүсү кызуу талаш-тартышты жаратып, палата комиссиянын билдирүүсү эске алынсын деген токтом кабыл алды. Депутаттык комиссиянын төрагасы Жаныш Рустембековдун айтымында, ишканада жана өлкөнүн энергетика тармагында газ менен электр энергиясын пайдалануунун так эсеби жок. Өткөн жылдын октябрь айынан бери бул тармакта 142 кылмыш иши козголуп, анын 107си сотко өткөрүлгөн. Натыйжада, тармактагы мындай шалаакылыктан мамлекетке 13 миллион 733 миң сомдук зыян келген.

XS
SM
MD
LG