Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:57

«Маданий-административдик ишкер борборунун» долбоору деген эмне?


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Бишкектин Тынчтык көчөсүндөгү АКШ элчилиги менен "Пинара" мейманканасынын ортосундагы чакан аймакка өлкөнүн «Маданий-административдик-ишкер борборунун» имаратын куруу тууралуу долбоор менен Бишкектин мэри баштаган топко жана маалымат кызматчыларына жеринде тааныштырды. Долбоор менен тааныштырууга Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын комитет төрагалары да чакырылган. Бирок айрым депутаттар бул иш-чарага келишкен жок. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Ал эми Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, долбоор менен жеринде тааныштырууга депутаттардын катышуусу тууралуу өкмөт тараптан эч кандай чакыруу болгон эмес. Эл өкүлдөр жыйынынын 19-сессиясында депутаттар тарабынан сынга алынган 162 гектар жерге курулуучу «Маданий-административдик-ишкер борборунун» имаратына 250 млн. АКШ долларынын өлчөмүндө каражат жумшалып, курулуш иштери коммерциялык негизде инвесторлордун каражатына курулат. Мамлекеттик бюджеттен эч кандай каражат жумшалбайт. Бул маданий-административдик борбор симпозиум, ар кандай форум өткөрүүгө, чет элден келген делегацияларды тосууга кызмат кылат.

XS
SM
MD
LG