БИШКЕК. Жогорку Соттун Аксы окуясы боюнча республикалык аскер сотунун өткөн жылкы өкүмүн күчүндө калтырышы Аксылык атуулдардын нааразылыгын жаратты. Акыркы алынган маалыматка караганда, нааразылык билдирген жыйырмадай адам райондук кеңештин иш бөлмөсүнө чогулушуп, райондук кеңештин төрагасын жана райондун акимин өздөрү менен кошо кармап отурушат. Алар Жогорку соттун чечимине нааразы болушуп, кыргыз бийлигине үч сунуш менен кайрылышты. Анда соттун чечимине нааразылык билдиришип, Аксы окуясына байланыштуу соттук териштирүүнү кайра жүргүзүүнү, эгер акыйкаттык болбосо анда башкача нааразылык акцияларын уюштура тургандыгын жана аким Абдымалик Эгембердиевди кызматтан бошотууну сунушташты. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” райондук кеңештин төрагасынын иш бөлмөсүндө отурган адамдардын бири Жаңыбаев Эсенгазы билдирди. Алар менен чогуу отурган райондун акими мааламат берүүдөн баш тартты.