ЖАЛАЛАБАД. 9-апрелде Кербен кыштагында Аксы окуясына адилет баа берүүнү талап кылган пикет өттү. Бийликти сындаган тасмалар менен коштолгон нааразылык акциясы райондук администрациянын маңдайында болду. Ага Аксы окуясында жабырлануучуларды коргоо комитетинин маалыматында жүздөй, райондук бийликтин билдирүүсүндө элүүгө жетпеген адам катышты. Алар Аксы окуясына адилет баа берүү менен окуя боюнча кылмыш ишин териштирүүчү Жогорку соттун акыйкат чечим чыгаруусун жана иштин кайра тергөөгө жиберилүүсүн, тергөөнүн акыйкат жүргүзүлүшүн талап кылышты.
2002-жылдын 17-18-мартындагы окуяда алты адам окко учуп, элүүгө жакын адам токмоктолгон.
2002-жылдын 17-18-мартындагы окуяда алты адам окко учуп, элүүгө жакын адам токмоктолгон.