Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Жогорку сот Аксы окуясы боюнча мурунку чечимди күчүндө калтырды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку сот Аксы окуясында каза болгондордун жакындары менен жабырлангандардын арызын карап, республикалык аскер сотунун өткөн жылдагы чечимин күчүндө калтырды. Арыз ээлери Жогорку соттун мындай чечимине нааразы болушуп, аны жокко чыгаруу өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылышаарын билдиришти. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Аксы округунан шайланган мыйзамчы депутат Азимбек Бекназаров билдирди. Анын маалыматына караганда, эгер Конституциялык сот да Аксы окуясы боюнча калыс чечим чыгарбаса, анда алар эларалык сотко кайрылышат.

Ал эми түшкө чейинки сот жараянында күбөлөр көрсөтмө беришип, жабырлангандардын адвокаты Сыртбай Жайчибеков окуя тууралуу толук маалымат айткан. Адвокат өз сөзүндө ишти республиканын жогорку аскер соту жана Ош гарнизондук аскер соту бир жактуу карап, күбөлөр менен жабырлануучуларды сурабагандыгын билдирип, ишти кайра тергөөгө жиберүүнү жана окуя боюнча мурдагы чечимди жокко чыгарууну соттон өтүнгөн болчу.

XS
SM
MD
LG