МАСКӨӨ. Бир нече жүздөгөн киши советтик диссидент Лариса Богораздын акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катышты.
Лариса Богораз 1968-жылы Советтер биримдиги Чехославакияга басып киргенде бул аскердик чарага каршы уюштурулган Кызыл аянттагы демонстрацияга катышкан.
74-жаш курагында дүйнөдөн кайткан Богоразды Чех жумуриятынын Маскөөдөгү элчиси Ярослав Баста “каарман атуул” катары мүнөздөдү. Ал эми мурдагы диссидент Людмила Алексеева болсо “Лариса Богораз эркин эмес өлкөнүн эркин жашай билген инсаны болчу” деп айтты.