Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Ташкенде террорчуларга айып коюлду


ТАШКЕН. Өзбекстандын баш прокурору өткөн аптадагы террордук чабуулдарга байланыштуу 45 кишиге айып тагылганын маалымдады. Баш прокурор Рашид Кадыровдун айтымында, 412 киши тергөөгө алынган. Айрым камалгандардын үйлөрүнөн курал-жарак да табылган.

Баш прокурордун айтымында, “Жамият” деген жашыруун уюшкан коом 2000-жылдан бери тымызын иш жүргүзүп, террордук чабуулга даярдык көрүп келген.

Өткөн аптадагы Ташкен айланасындагы жана Бухарадагы чабуулдардан 47 киши набыт болуп, 30дай киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG