БАГДАД. Коалициялык күчтөр Фаллужа шаарына чабуул жасоону убактылуу токтотту. Алар аны шаарга гуманитардык жардамды койо берүү үчүн жасалды деп жатышат. Маалыматтарга караганда, согушту токтото туруу тууралуу алдын ала сүйлөшүү болгон.
- Бул убакыттын ичинде коалициялык күчтөр коргонууга болгон өзүнүн укугунан баш тартпайт жана эгерде сүйлөшүүлөр натыйжа бербесе, чабуул кайра башталат,-деди Пол Бремер.
Бирок деңиз аскеринин лейтананты Бренан Бөрн бир жарым саат тыныгуудан кийин согуш кайра башталгандыгын билдирди.
Салгылашуу Ирактын башка жерлеринде да жүрүп жатканы айтылат. Абу-Гаиб шаарында америкалык автоколонно чабуулга алынып, 9 киши набыт болгон. Алардын кайсы тараптан экендиги тууралуу маалымат жок. Багдаддын борборунда жайгашкан “Шератон” мейманканасынын жанында снаряд жарылды.
Коалициялык күчтөр Ирактын эл -Кут шаарын ээлеп алышты. Ошого карабай, Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро Би-би-си радиосуна берген интервьюсунда “Ирактагы азыркы абал абдан оор. Коалиция мурда мындай абалга туш келген эмес болчу” деди.