Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:07

Арменияда оппозиция мөөнөтсүз митингдерди баштады

Нааразылык иш-чаралары президент Роберт Кочарян бийликтен кетмейинче улантыла берет, деп ырасташты оппозициянын өкүлдөрү. Кечээ “Адилеттик” блогу менен “Улуттук биримдик” партиясынын он миңдей тарапкери Ереванда митинг өткөрүп, андан соң шаарда аркы-терки жүрүш жасаган эле. Оппозиция бийликтерге ишеним көрсөтүү маселесин элдик референдумга чыгарууну сунуш кылууда. Башкаруучу коалицияга кирген үч партия бул сунушту четке кагып, конституцияга кайчы келген демилге деп атады.
​
XS
SM
MD
LG