Россиянын башкы прокурорунун орунбасары Сергей Фридинский бүгүн Ростов-на-Дону шаарында ушундай деп ырастады. Анын айтымында, Могмет Тагаев Дагестанда камакка алынды. Тагаевди орус прокурору чечендердин белгилүү колбашчысы Шамил Басаевдин жакын жардамчысы деп атады. Тагаев мындан төрт жыл мурда Түркияда камалган, бирок аны түрк соту Россияга өткөрүп берүүдөн баш тартып, абактан бошотуп жиберген эле.