Сильвио Берсулкони түштүктөгү Насирия шаарында италиялык аскер корпусу жайгашкан базада болуп, жагдай менен таанышты. Айрым такталбаган маалыматтарда италиялык төрт жоокерди да Ирак козголоңчулары кармап кеткени айтылууда. Австралиянын премьери Жон Ховард бүгүн өлкөнүн өкмөтү террорчуларга каршы күрөштө бекем позицияда турушу керек деп билдирди. Иракта азыр Австралиянын 800дөй аскер контингенти бар.