ЖАЛАЛАБАД. Жолугушууда Наманган облусунун Янгикурган районунун акиминин орун басары баштаган өзбек тарабы Аксы райондук жана Кербен айыл жетекчилеринен расмий кечирим сурады. Алар 8-апрелдегидей окуяга мындан ары жол бербөөгө убада кылды.
8-апрелде кыргыз чегарачылары Кербен айылына караштуу жерди иштетүүгө даярдап жүргөн Өзбекстандын Мамай айылынын 3-4 үй-бүлөсү менен ал айылдын жайылган кой, эчки, бодо малын кыргыз аймагынан айдап чыккан. Чегарага топтолгон мамайлык 200-300дөй өзбек атуулдары Аксы район башчылары ал жерге баргыча кыргыз атуулдарына жулунган. Кыргыз-өзбек чегарачыларынын кийлигишүүсү менен абал жаңжалга жетпей токтогон. Бирок Кербен айыл өкмөт башчысы Сулайманов Арстанкулдун көйнөгү айрылган. Кербендеги атуулдук коомду колдоо борборунда иштеген 5 адам денесинен жеңил жарат алып, анын төртөө барымтада турду деген маалыматы райондун акими Абдымалик Эгембердиев ырастаган жок.