Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Мамлекет башчысы христиандарды ыйык майрамы менен куттуктады


БИШКЕК. Бүгүн мамлекет башчысы Кыргызстандагы христиандарды ыйык Пасха күнү менен куттуктады. Куттуктоодо христиандардын ыйык күнү коомдук турмуштан өз ордун алгандыгы, христиан диний окуусунда айтылгандай, адамдардын жүрөгүндө боорукердик орношу үчүн сүйүүгө, чыдамкайлыкка, эмгекчилдикке үндөө мамлекеттин да негизги максаттарынын бири деп айтылат. Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү айрым жерлердеги адам өмүрүн кыйган карама-каршылыктардын келип чыгышынан кары адамдардын, балдардын жабыр тартып жаткандыгына, зордук-зомбулукка каршы улутуна, диний ишенимдерине карабай жалпы адамдардын биригүүсү бейпилдикти камсыз кылууга салым кошоору белгиленген.
Кыргызстанда христиандарынын ыйык Пасха майрамы 11-апрелде белгиленет. Быйыл православдар, католиктер, протестанттар Пасханы бир күндө майрамдашат. Мындай дал келүү 20 жылда алты-жети жолу бир болот. Учурда өлкө аймагында 43 православдык чиркөө христиандарга кызмат кылат. Болжолдуу маалыматтарга караганда, Кыргызстанда христиан динин туткандардын саны бир миллионго жакын.

XS
SM
MD
LG