Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Кароосуз калгандарга көңүл бөлүнүүдө


БИШКЕК. Москва-Фучик көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Бишкек эт консерва комбинатынын жаңы курулуп жаткан жатаканасынан күч менен чыгарылган 65 үйбүлөнүн 37сине Ленин райондук мамлекеттик администрациясы 15 күндүн ичинде барак тибиндеги үй сатып берүүгө демилгечи топ менен келишим түзүштү. Бул тууралуу Кыргызстан укук коргоо уюмунун жетекчиси Турсунбек Акун бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында Ленин райондук сотунун чечими менен эт комбинатына тийиштүү курулуп жаткан үйдөн күч менен чыгарылган 30дан ашуун үй бүлөнү Ленин районунун администрациясы кароого алып, бир маал ысык тамак менен камсыз кыла баштады. Кечкисин жаш балдарды, оорулуу майыптарды кайрымдуулук борборлоруна жайгаштырууда.

XS
SM
MD
LG