“Поиск” аттуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Василь Рыбка Крымдагы Бахчисарай шаарынын жанында табылган кабырдан 50 чакты кишинин, анын ичинде 10 баланын сөөгү казылып алынганын билдирди.
Болжолу менен ал жерге немис улутчулдары атып өлтүргөн 2 миңге чамалаш киши көмүлгөн. Крымдын өкмөт башчысынын орун басары Геннадий Бабенконун айтымында, курман болгондор аскерий эмес адамдар. Алардын арасында коммунисттик жетекчиликтин үй-бүлөөлөрү, сыгандар, Крым татарлары жана согуш тукундары да бар болушу ыктымал.
Крым жарым аралын 1941-жылы фашисттик Германия басып алып, 1944-жылы Советтик армия бошоткон.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Айнура Жекше кызы, Прага