Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Бүгүн христиандардын Пасха майрамы белгиленди


Католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Иоан Павел Экинчи Ватикандагы Ыйык Петр аянтында майрамдык сыйынуу жөрөлгөсүн өткөрдү. Христиандар бул күндү Ыйса пайгамбардын кайра тирилүү күнү катары белгилешет.
Папа “Урби эт Орби” же “Шаарга жана дүйнөгө” деген салттуу Пасхалык кайрылуусун 62 тилде жасады.
Иоан Павел Экинчи дүйнө лидерлерине кайрылып, Ирактагы, Жакынкы Чыгыштагы жана Африкадагы жаңжалдарды жөнгө салууга үндөдү:

- Дүйнө лидерлери, Африканын айрым чөлкөмдөрүндөгү, Ирак жана Палестинадагы кандуу чатактарды чечүү багытындагы жолдон тайбагыла.

“Эларалык коомчулук улам жайылып бараткан террорчулукка каршы күрөштү улантышы керек”, - деп белгиледи Рим папасы.

XS
SM
MD
LG