Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Дагестанда барымтадан голландиялык бир жаран бүгүн бошотулду


“Чегарасыз дарыгерлер” эларалык уюмунун Түндүк Кавказдагы миссиясынын жетекчиси Аржан Эркель 2002-жылдын августунда Дагестандын Чеченстан менен чектеш аймагында белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып кеткен.
Голландиянын тышкы иштер министрлиги Эркелдин бошотулушу жөнүндөгү маалыматты бышыктады.
Россиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү Абдул Мусаев дарыгер милиция жана федералдык коопсуздук кызматы биргелешип өткөргөн операциянын натыйжасында бошотулду деп билдирди. Милиция кызматкери операциянын деталдарын ачыктоодон жана Эркель үчүн акча төлөнүп-төлөнбөгөнүн айтуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG