Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Фаллужада урушту токтотуу боюнча сүйлөшүү уланууда


Фаллужа шаарында апта бою созулган салгылашуулардан кийин америкалык күчтөр менен сунни козголоңчулары ок атууну жекшемби күнү убактылуу токтотушкан. Элдешүү мөөнөтү, соңку келген кабарларга караганда, бүгүн шашкеге чейин улантылды.
Сунни согушчандары менен АКШлык күчтөрдүн урушту токтотуу боюнча сүйлөшүүсү уланууда. Маалымат агенттиктеринин билдиришинче, уруштан улам өмүрүнө кооптонгон фаллужалыктар шаарды калтырып кетишүүдө.
Бир жума мурда козголоңчулардын ордосу саналган Фаллужада америкалык төрт жаран мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин АКШнын деңиз аскерлери шаарга чабуул жасаган.

Өткөн аптадагы салгылашууларда 600дөн ашуун ирактык жана бери дегенде америкалык 40 аскер набыт болгону маалымдалууда.
Адаватчылар жекшемби күнү Багдад аэропортунун жанында америкалыктардын “Апачи” тикучарын эки учкучу менен кошо атып түшүрүштү.

Президент Жорж Буш жекшемби күнү Техас штатындагы Худ Фортунда америкалык аскерлер менен чогуу Пасха майрамына байланыштуу таатка катышты. Анын айтышынча:

- Өткөн жума өтө оор апта болду. Мен оюмда биздин коопсуздугубуз үчүн жанын берген адамдар менен биргемин жана мен дуба кылганда алар мени менен чогуу болушту. Эркин Ирак дүйнөнү бир кыйла кооптуу кылат. Эркин Ирак дүйнөнү өзгөртөт жана бул өтө кыйын иш.

Ирактагы америкалык администрациянын башчысы Пол Брэмер мурда мерчемделгендей эле 30-июнда өлкөдөгү бийлик ирактыктарга өткөрүлүп берилет деген ишеничте.

XS
SM
MD
LG