Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Ыссыккөлдө турак-жай имараттары сейсмологиялык талаптарга жооп бербейт


КАРАКОЛ. Мындай маалыматты облустук архитектура кызматы жергиликтүү басылмалар аркылуу таратты. Архитекторлордун айтымында 1970-жылы Аксы районунда, ал эми 1978-жылы Түп районундагы жер титирөөлөр талкаланган курулуштардын 98 пайызын жеке менчик үйлөр түзгөн. Бүгүнкү күндө дагы жеке менчик үйлөрдүн сейсмикалык коопсуздугунун жөнөкөй эрежелери сакталбайт. Маселен, дээрлик көпчүлүк адамдар жеке менчик үйлөрдү архитектура кызматынын уруксатысыз жана долбоорусуз өздөрү каалагандай курууда. Мындай мамиле Орто Азия регионунда айрыкча жумуруяттын тоолуу аймактарында сейсмикалык абал жанданып жаткан учурда кооптонууну жаратаары бышык.

XS
SM
MD
LG