Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Жаштар арасындагы кылмыштуулук боюнча маселе парламентте каралат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында 14-апрелде өлкөдө жаштар арасында кылмыштуулуктун күчөп баратышына байланыштуу маселе боюнча парламенттик угуу өтөт. Мындай демилге палатанын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитети тарабынан сунушталды. Парламенттик угууга Эл өкүлдөр жыйынынын комитеттеринин төрагалары, ички иштер министрлигинин, билим берүү, саламаттык сактоо министрликтеринин, спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, ошондой эле мектеп директорлору, мугалимдер катышат. Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, соңку жылдары жаштар арасында кылмыштуулук кескин түрдө көбөйүүдө жана мындай абал жаштардын социалдык, экономикалык маселелеринин чечилбей келиши менен байланыштуу болуп жатат.

XS
SM
MD
LG