Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:28

Социалдык маселелерден улам чатак чыгып кетиши мүмкүнбү?


БИШКЕК. Турак-жай маселелери тууралуу президенттин жарлыгы, өкмөттүн токтому аткарылбаса, жакынкы аралыкта социалдык жактан жарылуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн “Эл журту” аттуу мигранттар жана үй куруучулар ассоцациясынын төрагасы Дүйшөн Ташбулатов маалымат жыйынында билдирди. Мааламат жыйынын өткөргөн ассоцация өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, республиканын аймагынан Бишкекке келишкен 100 миңден ашуун үй-бүлө турак жайсыз, туруктуу иш менен камсыз кылынган эмес. Жашоо шарттары начар. Турак жайсыз атуулдардын проблемасын чечүү үчүн Чүй боорунда иштетилбей жаткан 5 миңге жакын жердин 3 миңден ашуун гектарын өкмөт бөлүп берүүсү зарыл, деген пикирин билдиришти. Мигранттар жана үй куруучулар ассоцациясы 1999-жылы уюшулган.

XS
SM
MD
LG