Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Бейөкмөт уюмдар бийликке нааразы


БИШКЕК. "Бийлик бейөкмөт уюмдардын жетекчилерин коркутууда" деп билдирди бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова маалымат жыйынында. 7-10 апрель күндөрү аталган уюмдун, ошондой эле өлкөдөгү бир катар башка бейөкмөт уюмдардын жетекчилери адам укуктарынын сакталышы боюнча айыл тургундары менен форум-жолугушууларды өткөрүү үчүн Ыссыккөл облусунда болуп кайтышкан. Төлөйкан Исмаилова маалымдагандай, алардын артынан 3 машине тынбай жүрүп, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн кимдер менен жолугуп, сүйлөшкөндөрүн көзөмөлгө алып турушту. Бейөкмөт уюмдардын лидерлери Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиеваны атуулдардын эркин жыйындарды өткөрүүгө болгон укуктарын бузгандыгы үчүн күнөөлөштү. Ал эми Токон Шайлиева бүгүн «Азаттыкка» облуста адам укуктары сакталууда жана бейөкмөт уюмдардын ишине тоскоолдуктар көрсөтүлгөн жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG