БИШКЕК. Бүгүн Жогорку сот Аксы трагедиясында каза болгон Сатимбай Үркүмбаевдин бир тууган карындашы Нурбүбү Үркүмбаеваны, Кадыркул Сапаралиевдин жесири Айбарча Сатыбекованы, жабырлангандардын адвокаты Сыртбай Жайчибековду жана укук коргоочу Азиза Абдрасулованы Аксы окуясы боюнча 16 томдон турган кылмыш иши менен тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунан билдиришти. Анын төрайымы Азиза Абдрасулованын айтымында, Аксы окуясына байланыштуу кылмыш ишинин бир томунда ошол учурдагы облустун баш прокурору Зоотбек Кудайбергенов курал колдонууга жана элге каршы күч колдонууга түздөн-түз атайын көрсөтмө бергендигин окуяга катыштыгы бар ОМОНдун 5 кызматкери күбө катарында тил кат жазып берген. Буга окшогон далилдүү көрсөтмөлөрдү Жогорку сот көз жаздымда калтырган деген пикирин билдирди Азиза Абдрасулова.