Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы маалымат жыйынын өткөрдү


БИШКЕК. Эл өкүлдөр жыйыны кезектеги 19-сессиясынын жүрүшүндө 78 маселени талкуулап, 96 токтом кабыл алды. «Палатанын депутаттары сессиянын күн тартибине коюлган мамлекеттик жана социалдык-экономикалык маанидеги маселелерди принципиалдуулук жана жоопкерчилик менен карашты», - деп маалымдады жыйындын төрагасы Алтай Бөрүбаев бүгүн өткөн маалымат жыйынында. Сессиянын күн тартибине өкмөттүн айрым жаңы мүчөлөрүн бекитүү, Улуттук банктын төрагасынын отчетун угуу, өлкөдөгү маалымат коопсуздугуна, жаштар саясаты жөнүндөгү мыйзамдын ишке ашырылышына байланыштуу жана башка маселелер киргизилген. Сессиянын жүрүшүндө ошондой эле премьер-министрдин өлкөдө маданий-административдик ишкер борборун куруу жөнүндөгү токтомун ишке ашыруу маселесин талкуулоо учурунда өкмөт башчы Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлүп, бирок добушка сала келгенде ал маселе өткөн жок. Палатанын сессиясы 24-мартта башталып, 19-апрелде аяктады.

XS
SM
MD
LG