Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы өз ишин баштады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары шайлоо округдарын жума бою кыдырып келгенден кийин өз ишин баштады. Күн тартибиндеги экономикалык маселе боюнча бажы, салык, банк тармагына байланыштуу мыйзам долбоору талкууга коюлду. Ошондой эле шайлоо кодексине өзгөртүү, президенттин Жогорку Кеңешке кайрылуусун талкулоого мамлекет башчысынын катышуусу, “Рентонгрупп” жана айыл чарба азыктарын сатуу, маркетинг жүргүзүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуу, бийик тоолуу айылдардын жана кассалык аппараттарга байлагыштуу маселелерди жыйында кароо сунушталды.

Өткөн аптада Эл өкүлдөр палатасынын депутаттары козгогон өкмөт сунуштаган “Маданий-административдик-ишкер борборунун» имаратын куруу тууралуу долбоорду мыйзам чыгаруу палатасында талкуулоону жана ага премьер-министр Николай Танаевдин катышуусун жыйындын күн тартибине киргизишти.

XS
SM
MD
LG