Кырсык өлкөнүн түндүгүндөгү Лакнау шаарында болду. Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, жүздөгөн адамдар жергиликтүү таанымал оппозициячыл саясатчынын туулган күнүн белгилөөгө чогулган эле. Сыгылыш индус аялдарынын салттуу кийим – сари бекер таратылаары жөнүндө жарыя жасалган соң башталган.