Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Тегеранга БУУнун беш эксперти келди


Алар Иран уранды байытууда керектелүүчү жабдуу –центрифугаларды чыгарууну токтотуу жөнүндөгү убадасын кандай аткарып жатканын текшермекчи. Өлкөнүн Атомдук энергетика боюнча мекемесинин өкүлү бүгүн билдиргендей, аталган технологияны жасоо жана орнотуу өткөн жума күндөн тарта токтотулган. Байытылган уран атомдук электростанцияларда отун катары колдонулат, бирок андан ары да байытылса ал өзөктүк бомба үчүн жарамдуу материалга айланат. АКШ Иранды өзөктүк курал программасын жашыруун өнүктүрүп жатканы үчүн айыптап, ал эми Тегеран муну төгүндөп келүүдө.

XS
SM
MD
LG