Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен болгон бүгүнкү жолугушуусунда митинг, пикет, демонстрациялардын өткөрүлүшүн чектөөнү караган мыйзамды сынга алды. Ал белгилегендей, адамдардын чогулуусуна эч кандай чектөө болбошу керек жана азыркы шартта Орусия буга муктаж эмес. Өкмөт тарабынан сунуш кылынган мыйзамды Мамлекеттик дума өткөн айда биринчи окуудан кабыл алган. Ага ылайык өкмөттүк имараттардын, чет өлкөлүк элчиликтердин, эларалык уюмдардын кеңселеринин жанында, чоң жолдордун боюнда митинг, пикет өткөрүүгө тыюу салынат. Мыйзамды буга чейин Орусиянын оппозициядагы партиялары, укук коргоочу уюмдары да сынга алган.