Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:41

Ирактын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Фаллужанын калкына кайрылды


Бул кызматка жаңы дайындалган Мувафак ал-Рубайе шаар тургундарын өткөн айда америкалык төрт кызматкерди өлтүргөн кылмышкерлерди таап берүүгө чакырды:

- Мен Фаллужанын жакшы адамдарына кайрылам, шаарда ирактык 200 миң чыныгы жана каарман мусулман бар. Мен аларды кылмышкерлерди өткөрүп берип, кан төгүүгө чекит коюуга чакырам.

АКШ аскерлери Фаллужада америкалык төрт адис өлтүрүлүп, алардын денеси мазакталган соң кылмышкерлерди кармоо үчүн шаарга чабуул коюуп, аны курчоого алган эле. Аларга соңку күндөрү сунни согушкерлери каршылык көргөзүп жаткан. Америкалык командачылыктын өкүлү, генерал Марк Киммит Фаллужадагы бүгүнкү кырдаалды тынч деп баалады. Америкалык генералдын айтымында, аскерлер шаарда көзөмөл орнотууга даяр жана буга жөндөмдүү, бирок кырдаал сасий жол менен жөнгө салынаарына үмүттөнүүдө.

Ал мүнөздөгөндөй, урушту токтотуу боюнча Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү, Фаллужанын диний лидерлери жана коалицияга каршы козголоңдун жектекчилери өткөрүп жаткан сүйлөшүүлөр азыр баштапкы баскычта гана турат. АКШ аскерлери Фаллужага чабуул коюуну өткөн жума күнү убактысынча токтоткон болчу. Дарыгерлердин айтымында, Фаллужадагы уруштарда азыркы чейин алты жүздөй адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG