Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Х. Мубарак Ж. Буштун Техастагы ранчосунда конокто болду


АКШ президенти Жорж Буш дүйшөмбү күнү Техас штатындагы менчик үйүндө Мисирдин президенти Хосни Мубаракты конок кылды. Эки лидер жолугушууда Ирактагы кырдаалды, Израил-Палестин чатагын талкуулашты.
Мубарак кездешүүдөн кийин кабарчылар менен болгон кездешүүдө ал акыркы жумада Ирактагы абалдын кескин курчуп кеткенине “өтө кабатыр” экенин билдирди.
Буш жана Мубарак келечекте Израилдин Газа тилкесинен чыгып кетүүсүн колдошту. Бирок Буш Газадан чыгып кетүү Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча АКШ колдогон “Жол картасы” планын алмаштырбайт деди.
Буш эртең - шаршембиде Вашингтондо Ариель Шарон менен кездешет.

XS
SM
MD
LG