ЖАЛАЛАБАД. 13-апрелде Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн 15 тургуну облустук бийликке кайрылуу тапшырып, губернатор Жусупбек Шарипов менен жолугушту. Алар губернатор Жусупбек Шариповго 230 окуучусу бар мектептин имараты начардыгынан жаңы мектеп куруу маселесин коюшту. Айылды таза суу менен камсыздоо начардыгын, Өзбекстандын Кемпирабад суу сактагычынан суу коё берилсе Карадарыя суусунун жээгинде турган турак жайга коркунуч келээрин жана үйлөр азыр ным тартып жатканын билдиришти. Дарыя жээктерин бекемдөөнү сунуш кылышып, айыл жерлерин өзбекстандык атуулдардын иштетип жаткандыгына капа болушту. Жол көйгөйү менен транспорт маселесин козгошту. Губерантор Жусупбек Шарипов аталган маселелерди иликтөө үчүн облустук комиссия түзүп, айылга жиберээрин билдирди.