Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Парламент "Бажы кодексин" кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы "Бажы кодексинин" жаңы редакциясын кабыл алды. Парламенттик угууда өкмөт сунуштаган "Бажы кодексинин" долбоорунун 22-беренесиндеги чегарада кошумча нарк салыгы, акциздик салык, бажы жыйымдарын киргизүү депутаттар менен өкмөт өкүлдөрүнүн ортосунда кызуу талаш-тартышты жаратты. Анткени өткөн жылы учактар үчүн тыштан ташылып келген жанар майдан салык катары 1 миллирддан ашык сом мамлекеттик бюджетке түшпөй калган. Депутаттардын сунушу менен "Бажы кодексине" өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, анын жаңы редакциясы көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Жаңы кодекс 2005-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилет.
Каржы министрлигинин алдындагы кирешелер боюнча комитеттин жетекчиси Замирбек Малабековдун билдиришинче, жаңы кодекстин кабыл алынышы менен бажы салыгы 20% өсүшү күтүлүүдө.
"Бажы кодекси" биринчи жолу 1992-жылы кабыл алынып 1997-жылга чейин пайдаланылган. Ошол эле жылы толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип, оңдолгон.

XS
SM
MD
LG