БИШКЕК. Бүгүн Конституциялык соттун имаратынын алдына Талас районундагы Жонарык айылынын тургуну Афтандил Тынышев мектеп жашындагы эки уулу менен пикетке чыкты. Муну менен ал Конституциялык соттун көңүлүн соттордун мыйзам бузууларына бурууга аракет кылды. Бирок аны менен Конституциялык соттун өкүлдөрү жолугушкан жок. Афтандил Тынышевдин айтымында, ал 1996-жылы Жонарык айылындагы «Барак» жамаатынын өкүлү Курманбек Төтөшовдон 15 миң сомго сатып алган мал сарайын соттор өң-тааныштык менен Рыскул Шабданбековго ыйгарып койгон. Бул боюнча ал райондук соттон Жогорку сотко чейин арызданып, ондогон сот жараяндарына катышкан. Бирок соттор далилдүү документтерге карабай негизсиз чечимдерди чыгарышып, адамдык укугун тебелегендиктен Конституциялык соттун алдына пикетке чыгууга мажбур болгон.