Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

Феликс Куловду колдоо максатында жөө жүрүш өтөт


БИШКЕК. 15-апрелде камактагы Феликс Куловду колдоо максатында Бишкектин Фучик көчөсүнөн Сокулук районундагы Жаңыжер айылында жайгашкан 19-түрмөгө чейин жөө жүрүшкө чыгабыз деген билдирүүнү бүгүн Феликс Куловду бошотуу штабы таратты. Билдирүүдөгү маалымат боюнча, укук коргоочулар, атуулдук уюмдун, саясий партиялардын жетекчилери Феликс Куловдун ишине байланыштуу пикет, жыйындарды өткөргөнү менен бийлик тарабынан эч бир жыйынтык чыгарыла элек. Укук коргоочулардын көз карандысыз жүргүзгөн иликтөөлөрүндө Кыргызстандагы сот бийлиги мыйзамдуулукту одоно бузуп, президенттин администрациясынын буйругун аткарат. Азыркы бийликке каршы сүйлөгөн адамды камоого алганы соттордун саясий куралга айланын мүнөздөйт деп айтылат кайрылууда.

XS
SM
MD
LG