Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Президент ички иштер министрлигин сынга алды


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев өлкөдө кылмыштуулук көбөйгөнүн, ага каршы күрөшүүдө тартип коргоо органдары алсыз болуп жатканын бүгүн ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен болгон жолугушууда билдирди. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. Президенттин айтымында, 2002-2003-жылы Кыргызстандан 3 миңге жакын адам дайынсыз жоголгон. Өткөн жылы ар кандай жагдайда каза болгон 1029 адамдын сөөгү таанылбай, белгисиз бойдон калган. Алардын жүздөн ашууну мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтор күч алып, ишкер адамдардын коопсуздугу камсыз кылынбай келүүдө. Алигиче коомчулуктун үшүн алган киши жалдап өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай жатат. Акыркы эки айдын ичинде 7 кылмыш иши киши жалдап өлтүрүүгө байланыштуу.
Кылмыш дүйнөсүнөн карапайым атуулдардын корголбогонунан, кылмышкерлердин жазаланбаганынан пайдаланып, алар бийликке умтулууда. Ички иштер министрлиги кылмыштуулукка бөгөт койо алган жок, деген пикирин билдирди мамлекет башчысы.

XS
SM
MD
LG