2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардын чоо-жайын териштирип жаткан комиссия алдында бүгүн юстиция министри Жон Эшкрофт, ФБРдын мурдагы директору Луис Фри жана бул мекеменин директорунун милдетин аткарып жаткан Томас Пикард көрсөтмө беришет. Көз карандысыз комиссия өзүнүн корутунду тыянактарын быйыл августка чукул жарыялоого тийиш.