Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Ереванда полиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат


Өткөн түнү президент Роберт Кочаряндын резиденциясына жакын жерде оппозициянын тарапкерлери кууп таркатылган эле. Оппозициялык лидерлердин бири Степан Демирчяндын айтымында, көптөгөн демонстранттар оор жаракат алып, ооруканага түштү. Ички иштер министрлигинин өкүлү Саят Ширинян полиция демонстранттарды мыйзамсыз аракеттери үчүн эскерткенин, бирок алар буга деле болбой манифестациясын улантышканын, натыйжада аларга каршы мыйзам чегинде чаралар көрүлгөнүн белгиледи. Активисттер президент Роберт Кочерянды былтыр ыпылас ыкмалар менен кайра шайланды деп айыптап, ал бийликтен кетмейинче нааразылык иш чараларын уланта беришээрин айткан эле.

XS
SM
MD
LG