Алардын баарын кечээ белгисиз бирөөлөр үйлөрүнөн кармап кетишкен эле. “Интерэнергосервис” компаниясынын жетекчилери ырасташкандай, барымтачылар орусиялык үч жана украиналык беш кишини жаңылыш кармап кетишкен жана алардын тек-жайын билишкен соң коё беришкен. Бошонуп чыккандардын бири эч кандай жабыр тартышпаганын, болгону түнкүсүн уктабай гана калышканын билдирди. Туткунга алынгандарды бошотконго айрым маалыматтарда Ирактын компартиясы арачы түшкөнү айтылууда. Ал эми өткөн аптада барымтага алынган сегиз кытай дүйшөмбү күнү бошотулган эле.