Армян бийликтери менен оппозиция ортосундагы тирешүүнүн курчуп баратканына байланыштуу Кошмо Штаттары тынчсыздануу билдирди.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер кечээ күнү ырасмий Ереванды президент Роберт Кочерянды кызматынан кетүүгө чакырган демонстрацияны күч колдонуп таратуусун сындады. Ошол эле учурда чатак чыгып кетпеси жана жарандардын тынч чогулуу укугун бузбоо үчүн тараптарды сүйлөшүүгө чакырды.
Шейшембинин таңында полициянын атайын күчтөрү суу бүркүп, түтүн чыгарчу кур дүрмөт гранттарды ыргытып жана желим таяктар менен сабап баш калаанын борбордук аянтына чогулган 3 миңдей демонстрантты кууган болчу.
Полиция оппозициячыл партиялардын башкеңсесине жасаган рейдден кийин зобун жеген 16 активист ооруканага жаткырылып, ондогон адамдар, алардын ичинде бир нече журналист кошо кармалганын Армениянын "Ноян Тапан" жаңылыктар агенттиги маалымдады.
Ички иштер министрлигинин өкүлү Саят Ширинян:
-Демонстранттардын мыйзамсыз аракетине каршы тийиштүү чаралар колдонула турганын полиция дембе-дем эскертти. Ага карабай калабачылар коомго каршы аракетин бир кыйлага дейре токтободу. Акыр аягында-биздин эскертүүбүзгө жооп кылып-полиция күчтөрүнө опуза көрсөтө баштады.
Оппозиция айыптоону куру жалаага чыгарып, полиция демонстрантарды эскертпестен туруп уруп-сабай баштады деп күнөөлөдү.