Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

15-апрелге аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда 15-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыш тараптан сыдырым жел жүрүп турат.
Абанын температурасы:
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД, ЧҮЙ облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29 градус ысык.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16 градус жылуу.
НАРЫН аймагында түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска жылуу, күндүз +15…+20 градус ысык болушу күтүлөт.
БИШКЕКТЕ күн ачык болуп, түнкүсүн +10…+12, күндүз +27…29 градус ысык болот.

Жаңылыктар топтомун Айданбек Акмат уулу, Азиза Турдуева жана кабарчылар даярдашты.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG