Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Жаштар маселеси боюнча коомдук угуу болду


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин демилгеси менен жаштар арасындагы кылмыштуулук маселесине арналган парламенттик угуу өттү. Ага ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо министрликтеринин, өкмөт аппараты менен президенттин администрациясынын өкүлдөрү катышты. Парламенттик угууда бүгүнкү күндө жаштар арасындагы кылмыштуулуктун күчөшүн, баңгилердин көбөйүшүн алардын экономикалык жана социалдык маселелеринин чечилбей жаткандыгы шарттап жаткандыгы белгиленди.
Жыйындын соңунда өкмөткө жана парламентке жаштар маселелелерин чечүү боюнча сунуштар айтылды. Өкмөткө жаштар арасындагы жумушсуздук жана башка социалдык маселелерди чечүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, ал эми парламентке жаштардын укуктарын коргоонун мыйзамдык негиздерин бекемдөө тапшырылды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG