Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Четтен көчүп келген кыргыздарга улуттук паспорттор берилди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги тарых музейинде акыркы жылдарда четтен көчүп келген 54 кыргызга Кыргызстандын паспорттору тапшырылды. Бул аземге өлкөнүн вице-премьер-министри Уларбек Матеев, президенттин администрациясынын жана парламенттин, тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын атуулдугун алуу үчүн кезекте турган дагы 1000ге жакын чет өлкөлүк кыргыз бар. Алар негизинен Тажикстандан келгендер. Жыл башынан тарта чет өлкөдөн тарыхый мекенине келген 137 кыргызга Кыргызстандын атуулдугу берилди.

XS
SM
MD
LG