Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Кыргызстанда аскердик машыгуу өткөрүлөт


БИШКЕК. Ушул жылдын август айынын башында Кыргызстандын аймагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ылдам аракеттенүү күчтөрүнүн «Чек-2004» деген тактикалык машыгуусу өткөрүлөт. Ага Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрү катышат. Аскерлер аймакта түзүлгөн кырдаалга жараша терроризмге каршы күрөшүү аракеттери боюнча машыгышат. Бул тууралуу бүгүн коргоо министри Эсен Топоев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан менен Орусия Кыргызстандагы аскердик багыттагы заводдор курамына кирген холдинг же консорциум түзүү жагын караштырууда. Бирок ал холдинг же биргелешкен ишканага кайсы тарап канчалык үлүштө катышаары боюнча орток пикир табыла элек. Бул маселе Кыргызстандын өкмөт башчысы менен орус өкмөт башчысынын Чолпоната шаарында 16-апрелде боло турган жолугушуусунда талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG