Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Чолпонатада КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт


БИШКЕК. 16-апрелде Чолпоната шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумунун күн тартибинде 7 маселе бар. Алардын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн абадан коргонуу боюнча бирдиктүү системасын түзүү багытында жүргүзүлгөн иш-чараларды каржылоодогу милдеттердин аткарылышы, КМШнын аймагында жүк ташуучу унааларды таразага тартуу боюнча эларалык сертификат киргизүү, КМШ өлкөлөрүнүн резервдик фонддун түзүү жана башка экономикалык, социалдык багыттагы маселелер талкууланат. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Эркин Мамкулов маалымат жыйынында билдирди. Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков жана КМШнын башка бир катар өлкөлөрдүн премьер-министрлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрөт. Чолпонатада өтө турган жыйынга КМШнын 12 өлкөсүнүн өкмөттүк делегацияларынын келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG