БИШКЕК. Аксы окуясында жабыркагандардын коомдук коргоочулары Төлөйкан Исмаилова, Топчубек Тургуналиев жана Азиза Абдрасулова кийинки жумада Конституциялык сотко кайрылышат. Буга жабырлануучулардын апелляциялык арызын кароодо Жогорку сот тарабынан алардын Конституциялык укуктарынын бузулгандыгы себеп болууда. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, Жогорку сот 6-апрелде башталган сот жараянында жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун 16, коомдук коргоочулардын 4 жаңы жагдайлар боюнча сотко берилген өтүнүчтөрүн караган эмес. Мына ушул себеп өлкөнүн Конституциялык сотуна кайрылууга негиз болууда, дейт Азиза Абдрасулова. Өткөн жумада Жогорку соттун төрагасынын орун басары Жеңишбек Досматовдун төрагалыгы астында Жогорку сот Аксы окуясында жабырлангандардын апелляциялык арызын карап, бирок аны канааттандырган эмес.